Turmush — «Тарых инсаны» рубрикасынын бүгүнкү каармандары — түндүк кыргыздардын ханы аталган Ормон Ниязбек уулунун урпактары.
Ормон Ниязбек уулу үч аял алган экен. Биринчи аялы Кусубалдыдан төмөнкү төрт уул төрөлгөн: Үмөтаалы (1810–1879), Осмонаалы (лакап аты — Чаргын), Аалы (1815-жылы туулган), Бакал — Россия падышачылыгынын тушунда бий болуп шайланган.
Экинчи аялынан бир уулу болгон — Үсөн. Ал падышалык Россия мезгилинде айылдын старшинасына талапкер катары көрсөтүлгөн.
Үчүнчү аялы — казак улутундагы Уулбала. Андан Сейилкан аттуу уул төрөлгөн.
Ормон хан Калыгул Бай уулу менен чогуу келе жатып, андан сураптыр.
— Кана, олуям, экөөбүздүн тукумубуздун келечеги кандай болот экен? Эл башкарып, бийликке жеткендер чыгабы? — деп сураптыр.
Анда Калыгул мындай деп жооп бериптир:
— Сенин тукумуң токойго кирип, көмүр өчүрүп калды. Сенин тукумуң майдаланып кетти, мындан ары усталар чыгат. Менден болушунча чыгат, экөө жанаша чыкпайт, бирөө бийликтен үзүлбөйт, — деп Калыгул эки ийнин карап койгон экен.
Чындыгында, тарыхта Ормон хандын урпактары кийин устанын өнөрүн аркалап, колунан көөр төккөн чеберлер болушкан. Айрыкча 1916-жылдагы Үркүн учурундагы ачарчылыкта да кол өнөрчүлүгү менен жан сактап, тиричилигин улантышкандыгы айтылып келет.
Ормондун улуу баласы Үмөтаалы өзү сыяктуу эл башкарган.1855-1867-жылдары иниси Чаргын экөө Чоро саяктардын башчысы Осмон Тайлак уулу менен бирдикте орус бийлигине каршы күрөшүп, акырында багынып беришкен. Үмөтаалы согушта өлгөн орус аскерлери үчүн кун төлөп, акыры Текесте кедей турмушта жашап калат.
Дөөтү уста Оттукташ
Эл оозундагы айтымдарда Үмөтаалы эл бийлеп турган кезде жолдоштору менен аң уулоого барып түнкүсүн түш көрөт экен. Түшүн эртең менен жанындагы жолдошторуна айтат.
— Түндө түшүмдө укмуштай кооз таштарды бир жерден экинчи жерге көчүрүп, кара терге түшүп, тынымсыз ташып жүрүптүрмүн. Бир маалда ошол майда таштар заматта эле үйдөй чоң-чоң таштарга айланып кетти. Эмне болушу мүмкүн бул?
Анда жанындагы киши кошумчалап:
— Кызык, мен да түндө түш көрдүм. Түшүмдө кемселимдин этегине буудайдын баштарын терип жүрүптүрмүн. Анан терген машактарды бир жерге төксөм, жер жайнап буудайга толуп кетти.
Аларды угуп турган бирөө экөөнүн тең түшүн жоруп берет:
— Түшүңдө таш көрсөң олжолуу болгонуң. Балалуу болгондо балдарыңдын атын “таш” деп кой. Сен болсо түшүңдө баш тергениң, ырыскыга шерик экенсиң. Аялың төрөгөндө балдарыңдын атын “баш” кой, — дейт.
Кийин Үмөтаалы 26-27 жаштарында уулдуу болуп, тун уулуна Оттукташ деген ысым коёт. Андан кийин көп балалуу болуп уулдарынын атын Оттукташ сыяктуу эле Бекташ, Көкташ, Чакмакташ, Акташ, Төлгөташ, Балгалташ, Жайташ, Кенжеташ, Нурташ ( Мусаапыр), Байташ деп жалаң таш мүчөсүн улап коюптур. Кийинки уулуна гана Эсенаман деп ат коюп, эки асыранды уулун кошкондо 14 уулдуу болгон экен.
Берки адам да уулдарына Майлыбаш, Тайлыбаш, Сарыбаш, Музообаш, Карабаш, Күйүкбаш, Сүйрүбаш деген аттарды коюп, алардын тукумдары Кара Кочкор менен Көлдүн күңгөй-тескей тарабына жайылып кетиптир деген айтымдар бар.
Оттукташ Үмөтаалы уулу
Биздин каарманыбыз Оттукташ Үмөтаалы уулу 19-кылымдын экинчи жарымында болжол менен 1837-жылдары Ысык-Көл өрөөнүндө туулган. Кийин Кочкор өрөөнүн жердеп, устачылыктын бүтүндөй баардык түрү менен алектенген. Үмөтаалы Ормон уулу бийликте турган кезде улуу баласы Оттукташты Кашкардын башчысы Якубектин алдына ак үйлүүгө (элчиликке) таштаган экен. Ал жерде Оттукташ жакшы кызмат кылып, устачылык, темирчилик, зерчилик, жайчылык, табыпчылык сыяктуу өнөрлөрдү үйрөнүп, мөөнөтү бүткөндө эл жерине кайтып келет.
Кыргыз эли ар нерсенин пири бар, ээси бар дешкен. Жигиттин пири Шаймерген, жылаандын пири Шаймерээн, устачылыктын пири Дөөтү уста дешкен. Уламыштарда Дөөтү уста (Дауд пайгамбар) тегирменин чегип бүтүп, суу жыгайын деп турганда ителги келип салам айтат.
— Сени менен мелдешейин дедим эле, эгер мен тегирмендин ташын жара тээп берсем, алтындан текөөр жасап бересиңби? – дейт.
Мелдеш башталып ителги көккө атып чыгып көрүнбөй калат. Бир маалда шукшурулуп келип, тегирмендин ташын жара тээп, кайра көккө (асманга) көтөрүлүп кетет. Дөөтү уста ителги кайтып келгиче тегирмендин ташына кадоо салып, сууну жыгып жүргүзүп жиберет. Дөөтү устанын айлакерлигине, чеберчилигине ыза болгон ителги ыйлап жиберип учуп кетиптир. Ошондон бери ителги Дөөтүгө кайрылып келбептир, эгер келсе тегирменди жара тээп ызасын басмак экен. Дөөтү да «ителги келип калабы» деп күтүп жүргөн имиш. Дөөтү темирди кычкачы жок кармаган уста экен. Ошондон устачылыктын пири Дөөтү болуп калыптыр. Оттукташ Дөөтүнүн ишенимдүү шакирти катары бааланып, «Дөөтү уста Оттукташ» деп даңазаланган. Оттукташты да жеңелери «Дөөтү уул», келин-кесектер «Дөөтү аке» деп тергешип турган экен.
Оттукташтын жайчылык касиети
Үмөтаалы Алмалууда жашап турган экен. Жайкысын дайым Көк-Ойрокту жайлашчу. Айылдын эли ошол жайлоого көчүп баратканда, укмуштай үп болуп, айдап бараткан мал акактап ысыкта баса албай ылаалап келет. Үмөтаалы уулу Оттукташтын көп кырдуу кереметтүү өнөрүн билет эле. Анын өнөрүнө сыймыктанган ал атынын басыгын акырындатып, жигиттердин бирөөнү чакырып, Оттукташты камчысы менен көрсөтүп айтат.
— Тигил “бирдеңке” кыла алат дечү эле. Көч ылоолоп араң бараткан кезде айтып көрсөңөр боло?! — деп оюн туюк туюндуруп бастырып кетет.
Жигит Оттукташка барып, бир айла кылууну өтүнөт. Оттукташ: — Силер бир аз бастыра тургула, мен байкап көрөйүн, — деп, көч узагандан кийин саздагыраак жайга барып, аттан түшөт. Сазда өскөн мажүрө талдан тутам кыркып келип, окчонтоюунан оттугун алып чыгып тутандырат. Түтүн дүрт этип, анча өтпөй түрмөктөлө уюлгуп, ачык асманга көтөрүлөт. Асман карайып, булуттарды тепчий чагылган чарт-чурт этет. Аңгыча болбой жамгыр шатыратып жааган имиш. Эл оозунда да Оттукташ жоро-жолдоштору менен жайкысын жол жүргөндө төбөсүнө булут пайда болуп, күндүн ысыгынан сактап жүргөндүгү айтылат. Жамгыр жааса кургак болуп, жамгырдын суусу тийчү эмес дешет.
Оттукташ өмүрүндө «Оттукташ серчи», «Оттукташ улукман-дарыгер», «Оттукташ табыпчы», «Оттукташ зергер» деп аталган экен.
Кыздын жасалгасын кол менен жасап, ага үйлөнгөнү
Оттукташ Үмөтаалы уулу гүлгүн жаш курагында күңгөйдөгү Катаган элиндеги Шайдылда дегендин айылына барып узанып, айылдагылардын керек-жарагын жазап жүрүп калат. Ал кезде кыргыздарда жаштар түнкүсүн айлуу түндө чогулушуп, «Алты бакан селкинчек», «Ак чөлмөк», «Жоолук таштамай», «Шакек салмай» оюндарын ойношот. Оттукташ күндүз узанып, түнкүсүн оюнга барып жүрүп, Түйтө аттуу кызга көзү түшөт. Кыз да аны жактырып, сөз багышат. Уста кызга жуучу жиберейин десе, атасы Үмөтаалы Ормон уулу орус бийлиги менен кармашып, бир жерден экинчи жерге көчүп-конуп, уулун үйлөндүрүүгө убактысы жок калган. Акыры уста кыздын атасы Шайдылдага өзү жуучу жиберип, кыздын колун сурайт. Шайдылда ары ойлонуп бери ойлонуп олтуруп:
— Болуптур, жуучум. «Устанын күжүсү өчпөс, күлүктүн тери, кыздын көз жашы кургабас» дейт эмеспи. «Кыз сурагандыкы, кымыз ичкендики». Ырас, айлыбызга келип узанып жүргөн зергер экен. Кызым Түйтөгө чындап көзү түшсө кантмекчи элек. Ала турган колуктусун каркыралуу кара көчтү баштагандай кылып жабдысын. Менин койгон шартым ушул! Чыдаса анан берки шаан-шөкөттөрүн өз мойнума жүктөп, колумду ачып атказамын, — деген шарт коёт.
Ал кезде бай жерден кызды алуу үчүн отуз күн оюн курдуруп, кырк күнү кыз-жигиттерди тамашаларына кандырып туруп алышкан. Уста бекем бел байлап, узанууга алысыраак үй тиктирип, көмүрүн өчүрүп, көөрүктү басууга бир шакирт дайындайт. Узанаар алдында бата кылып бир кара койду сойду. Эл этин жеп, бата берди. Уста көмүркөйүн ачып, аспаптарын алып кара койдун канына бир-бирден матырды. Аны көргөн көөрүк баскан шакирт: «эмне үчүн мындай кылып жатасыз» деп сурайт. Оттукташ мындай деп жооп берет.
— Бул менин өзүмчө ырым-жырымым. “Кара койдун каны аспап-куралдын жаны”, семиз малдын каны агыш тартат, ага жаңы сугарылган темирдин мизи майтарылбайт, дат чалбайт, — дейт.
Устанын бул темирди сугаруу ыкмасы өзгөчө болуп, аны эч ким үйрөнүп алган эмес экен. Уста иштин башын ишембиге коюп, күнү-түнү узанып кыздын кооздук жазалгасын жасайт. Беш көкүл кызды төркүнүнөн аттандырып жатканда башына кийген ак элечекке акак чөгөрүлгөн күмүш кыргак жасады. Сеңселген кош канаттуу желбирөөч, эки кулагына кош сырга, көз мончоктуу шакек, ууз билегине жаркылдаган билерик, олоң чачына шарактаган чолпу жасалды. Асемдүү мындай буюмдарды тагынган сулуунун көркүнө көрк кошулуп, тал чыбыктай буралып укмуш периге айланып чыга келди. Алдындагы жоргонун төрт туягы гана өзүнүкү болбосо ээр, жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан бири калбай шөкөттөлүп кооздолду. Шайдылда күйөө баласына ыраазы болуп, кызын той түшүрүп узатат.
Элде жок өнөрү болгон
Оттукташтын колуна бир тай туяк жамбы тийсе аны кыздын бүтүндөй себине жеткирчү экен. Темирге күмүш жалатып, күмүш сыяктуу жалтыратып салчу экен. Кыз-келиндердин топчусун кара темирден оюу түшүрүп кооздоп жасап, сыртынан күмүш жалатып койгондо күмүштөй көрүнүп калчу дейт. Ал жезди ийлеп миске айландырып, мис менен жезди аралаштырып алтынга айландырганы тууралуу айтылып калган. Ал тай туяк жамбыны окшоштуруп жасап, аны көргөн адам алтын жамбыдан айырмасын ажырата алчу эмес экен. Жумуру темирге үшкү менен оюп сай түшүрүп, бараң мылтыктарды жасаган экен. Устанын колунан жасалган бараңдын огунун учуу ылдамдыгы 30 тайлактын күчүнө барабар болуптур. Чүйдө усталар жасаган мылтыктарды сыноо боюнча мелдеш болуп, Оттукташтын канжарын жерге сайып, Оттукташ жасаган бараң менен атканда канжардын мизине тийген ок экиге бөлүнүп кеткен дешет.
Оттукташтын атасы Үмөтаалы орус бийлиги менен кармашып турганда мылтык, чоюн баш, шалк этме, айбалта, найза сыяктуу куралдарды жасап берип турган.
— Орустун бат атаар мылтыгы, тапанчасы, замбиреги колума тийсе, анан кара темир болсо аны да жасап берээр элем, — деп өкүнүптүр.
Кийин Үмөтаалы согушта жеңилип, багынып берүүнү туура көрөт. 1867-жылы күзүндө Северцовдун отрядына келип, орус бийлигин толук таанырын билдирет. Орус өкмөтү Үмөтаалыга эки өлгөн, төрт жарадар солдат, бир офицер үчүн 375 жылкы же 7500 рубль (ал кезде 7 жылкы 20 рубль болгон) кун төлөтүшөт. 1868-жылы кунду толук төлөп берип, бийликтен четтеп, падышалык бийликтин катуу көзөмөлүндө жүрүп, 1879-жылы Текесте кайтыш болот. Анын сөөгүн бузулуп кетпесин деп, дабыркайга (карагайдын чайырына) чылап, алып келишип Корумдуга коюшкан. Ормон хандын бийлиги Үмөтаалы менен токтойт. Анын урпактары бийликке эмес кол өнөрчүлүккө, уста-зергерчиликке, комузчулукка, ырчылыкка ыктап кетишкен.
Оттукташ да бир канча балалуу болуп, балдарына азан чакырып Санташ, Саңташ, Миңташ, Күлташ, Канташ, Балташ деген аттарды коёт. Кичүү уулуна гана башка адам азан чакырып Шамшүдүн деген ысым коюптур.
Оттукташ дарыгер да болуп, төрөбөстүн дарысын ийлеп, элдин сообуна да калыптыр. Көптөгөн ооруларга дары жасап айыктырган дешет.
Оттукташка элдин көзү тийип кайтыш болгон
Сары өзөн Чүйдөн бир атактуу адамдын жаш баласы кайтыш болуп калат. Оттукташ да туугандары менен көз көргөзүп барат. Учурунда Ормон хандын тукумдарынын бийлигин көрүп, алардын жакырланып эл башкарбай калганынан манаптар пайдаланышат. Бир чети сынамак үчүн, экинчи чети Оттукташтын атагын жокко чыгаруу үчүнбү, колуна курал-аспап бербестен жалгыз бейтешени карматып, арча карагайдан балага табыт жасап берүүнү тапшырышат. «Табыт эртең мененкиге чейин даяр болсун» деп буйрук кылышат.
Буйрук так аткарылбаса зөөкүр төбөлдөрдөн кордук көрөрүн билет. Бирок камаарабай ишке киришти. Кургаган карагай арчанын чамындыларын байтеше аркылуу жымылдата сүрүп, бир-бирине мыксыз жик билдирбей аштады. Арчадан куралып жасалган табыт карап эле тургандай кооз болду. Эртең менен арчадан жасалган табытты көргөн эл да, Байтик баштаган журт башчылары да аң-таң болушат. «Адамдан да ушундай уста чыгат экен го чиркин» дешип, жакаларын кармап, тобоо кылышат. Оттукташтын алдына эт-аш тартып, үстүнө чепкен жаап, алдына ат тартышат. Оттукташ жоро-жолдоштору менен айылдан аттанып чыккандан жолдон кийин көңүлү айнып, бир аздан кийин ат үстүндө жүрө албай калат. Ошентип Оттукташ болжол менен 1887-жылдары 50-55 жаш курагында ай талаада жарык дүйнө менен кош айтышат. Сөөгү Кеминге чоң атасы Ниязбектин коргонуна коюлат. Бул учурда кенже уулу Шамшүдүн 3 жашта болчу. «Оттукташка элдин көзү тийиптир, ошол табыт жасаткан улуктун көзү тийиптир» деген сөз айтылып калган.
Оттукташтын уулдары да атасы сыяктуу уста болуп чыгышкан. Элдин оозунда Оттукташ тукуму узанып жатканда «Дөөтү кошо кармашып, ичтен тымызын күч кубат, шыкыт берип туруучу экен» деген аңыз айтылып калган. Уулдары Балташ, Санташ, Канташ, Күлташ, Шамшидин, небереси Канташ уулу Капар эл оозуна алынган белгилүү зергерлер болушкан. Темирдин сырын, ага күмүш жалатуу өнөрүн укмуштай билишкен. Шамшидин «Айчүрөк» операсы алгач сахналашканда Айчүрөктүн зер жасалгаларын жасаган. Ал эми Санташтан Жакып, Канташтан Капар. Канташ уулу Капар да эл оозуна алынган белгилүү зергер болуп, Нарын дарыясына Оорук-Тамдын тушуна көпүрө салган. Ал санжыраны да жакшы билип, Осмонаалы Сыдык уулунун санжыра китебин сактап, айтып жүргөн. Кийин аны күйөө баласы Бектен Акматовго өткөрүп берген. Капардын Сатаркул, Райкул деген балдары болгон.
Күлташтан Карагул. Ал чарбада ( Фрунзе атындагы колхоздо) механизатор болуп трактор айдап, мал багып жүрүп көзү өткөн. Үнү бийик микрофонсуз эле ырдаган кыйын ырчы болуп, көп балалуу болгон. Бир уулу Ырысбек Кара-Саз айылында имам, Кенжебек деген уулу ырчы, аткаруучу, тамада катары белгилүү.
Оттукташ уулу Балташтан Сүйөркул, Шамшидинден Чертки. Чертки Оттукташов Кара-Саз айылындагы Сагынбай Орозбаков мектебинде кол эмгек сабагынан берип жүрүп, ардактуу эс алууга чыгып кез-кезде жыгаччылык менен алектене коёт. Черткиден Улан, Түгөлбай болуп, Ормон уруусунун ичинде «Оттукташтын тукумдары» деп аталышат.
Ормон хан (1792-1854) — кыргыз тарыхындагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, саясатчы жана аскер башчы. Ал XIX кылымдын орто ченинде түндүк кыргыздарды бириктирип, элдик жыйында хан көтөрүлгөн биринчи жана акыркы кыргыз ханы болуп саналат.
Ормон хан өз доорунда аскердик, саясий жана дипломатиялык жактан активдүү ишмер болгон. Ал кыргыздардын биримдигин чыңдоого жана жерин коргоого чоң салым кошкон.
Анын башкы максаты кыргыз урууларынын биримдигин чыңдап, тышкы душмандарга башкача айтканда казак хандары, кокондор жана орус аскерлерине каршы туруу болгон.
Даярдаган Майрамбек Деркенбаев